Чаткалда мыйзамсыз 1100 тонна алтын ташылып чыкканы аныкталды




Чаткал районундагы "Сарай-Сай" кенинен көлөмү 1100 тоннадан ашык алтын рудасын мыйзамсыз ташып чыгуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат Жалал-Абад облусундагы аталган кенден 1100 тоннадан ашык алтын рудасы мыйзамсыз ташылып чыгарылганын жана жасалма документтер менен Кара-Балта тоо-кен комбинатына сатылаганын аныктаган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, 25-июнда М.Д., М.А. жана Ч.И. аттуу жарандар кармалган.
Алар жасаган кылмыштарын моюнуна алышып, тергөө абагына киргизилишкен.
УКМК учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.