super.kg logo

MBANK Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте "Санарип кербен" билим берүү долбоорун ишке киргизди

 

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында "Коммерциялык банк Кыргызстан" ААК | MBANK Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте "Санарип кербен" масштабдуу долбоорун ишке киргизди.

Демилгенин алкагында банктын жана министрликтин өкүлдөрү кыргызстандыктар үчүн билим берүү сессияларын өткөрүштү, анда мамлекеттик жана финансылык кызматтарды пайдаланууда санариптик инструменттердин мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып беришти.

«Ачыгын айтсам, бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматтарды тиркеме аркылуу колдонуу мүмкүнчүлүгүн билчү эмесмин. Албетте жарандар үчүн бул абдан ыңгайлуу, мен буга чейин MBANKка төлөм гана жүргүзө алам деп ойлочум. Бул жөнүндө маалымат алганда абдан таң калдым», - дейт Жыргал, Кызыл-Кыя шаарында өткөн тренингдин катышуучуларынын бири.

"Санарип кербен" долбоорунун алкагында Кыргызстандын 40 шаары жана алыскы калктуу конуштары камтылган. Сапардын негизги максаты – калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу.

«Финансылык сабаттуулук — бул экономикалык туруктуулуктун жана жеке жыргалчылыктын ачкычы. Кардарларыбызга жеткиликтүү маалымат берүү менен аларды окутуу МБАНКтын биринчи кезектеги милдети экендигин ишенимдүү айта алабыз. "Санарип кербен" долбоору – Кыргызстандын ар бир жаранынын финансылык сабаттуулугун жогорулатып, акча каражаттарын туура башкаруу боюнча жардам берүүгө багытталган.

Биздин кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн 100дөн ашык мамлекеттик кызматтар MBANK тиркемесине интеграцияланган. Ошондой эле биз заманбап технологиялар менен банктык кызмат көрсөтүүлөр баарына жеткиликтүү жана түшүнүктүү болушу үчүн иштөөнү улантуудабыз, муну менен биздин кардарлардын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөбүз», - дейт MBANKтын санариптик жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча директору Марат Торалиев.

Долбоордун алкагында MBANK жана Санариптик өнүктүрүү министрлиги электрондук мамлекеттик кызматтарды, электрондук паспортторду, санариптик кол тамгаларды жана бизнести онлайн каттоону колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурат. Заманбап технологиялар жарандардын күнүмдүк жашоосун жеңилдетип, бизнес ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет.

"Санарип кербен" долбоору Кыргызстанды санариптештирүү жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу багытындагы маанилүү кадам болуп саналат. Бул жашоо сапатын жакшыртуу жана бизнес жүргүзүү үчүн заманбап технологияларды натыйжалуу колдоно алган, маалыматтуу жана даяр коомду түзүүгө өбөлгө түзөт.

Мындай демилгелер санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жарандардын жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган мамлекеттик жана жеке секторлордун ийгиликтүү кызматташуусунун айкын мисалы болуп саналат. "Санарип кербен" жарандарга каржы жана технология дүйнөсүн жакшыраак түшүнүүгө гана жардам бербестен, алардын жеке жана кесиптик өсүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: