super.kg logo

Чолпон-Атага келген Гутерриш кыргыз-тажик чек арасы боюнча үн катты

 

Бүгүн, 2-июлда БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Чолпон-Атадагы №2 мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаров менен жолугуп жатып Кыргызстан менен БУУнун кызматташтыгын “жакшы” деп баалады.

Ошондой эле баш катчы өз сөзүндө Кыргызстан коңшу өлкөлөр менен чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечип жатканын айтып, Кыргызстанды “тынчтыктын символу” деп атады.

“Фергана өрөөнүндө эки жолу болдум, ал жердегидей мамлекеттик чек араларды көргөн эмесмин. Пазл сыяктуу көрүнөт. Маселени чечүү кандай оор экенин билем. Тажикстан менен болгон чек ара маселесин Өзбекстан менен болгондой дипломатиялык жол, тынчтык жолу менен чечилет деп ишенебиз. Чек ара маселеси болобу же башка маселе болобу, тынчтык орнотуу үчүн чоң аракеттерди жасап жатасыздар”, - деди Гутерриш.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: