Жээнбек Кулубаев менен Гутерриштин жолугушуусу жабык эшик артында өтүүдө

Чолпон-Атадагы №2 мамлекеттик резиденцияда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин жолугушуусу жабык эшик артында өтүп жатат. Анда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.
Ал эми таң эрте ушул эле резиденцияда президент Садыр Жапаров менен Гутерриштин жолугушуусу болуп өткөн.
Белгилей кетсек, Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш 1-июлдун кечинде Кыргызстанга келген. Гутерриш Борбор Азияга болгон сапарын 30-июнь-1-июль күндөрү Өзбекстандан баштаган. Ал эми 3-июлда ал Кыргызстандагы иш сапары жыйынтыкталган соң Казакстанга барат.
02.07.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

