super.kg logo
  Саясат  

Бишкек мэриясында Санкт-Петербург шаарынын делегациясы менен жолугушуу өттү

 
Мэрияда Санкт-Петербург шаарынын делегациясы менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, жыйындар залында мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков менен Санкт-Петербург шаарынын Маалыматташтыруу жана байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Дмитрий Кузьмин жетектеген өкмөттүк делегациянын жолугушуусу болуп өттү.
"Жолугушууга ошондой эле мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Гүлназ Халилова, "Санариптик технологиялар борбору" МИсинин директору Марс Сыдыков жана башкалар катышты.
Күн тартибинде санариптештирүү жаатында Бишкек жана Санкт-Петербург шаарларынын өнөктөштүгүн активдештирүү маселеси каралды", - деп жазылат анда.
Делегациянын катышуучулары Санкт-Петербургдагы баңгизаттардын абалына мониторинг жүргүзүү системасын жана "Коопсуз шаар" аппараттык-программалык комплексин көрсөтүштү. Ошондой эле Бишкек шаарында "Антинар" долбоорун пилоттук режимде ишке ашыруу сунушу айтылганы кабарланат.
"Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте санариптештирүүнүн башка багыттарын жана мэриянын ишмердүүлүгүн камтыган долбоорду ишке ашыруу маселесин кароо чечими кабыл алынды.
Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара пайдалуу кызматташууга үмүт артышты", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: