Билим берүү министри Бавариянын делегациясы менен жолугушту









Билим берүү жана илим министри Бавариянын делегациясы менен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Кечээ, 1-июлда министр Догдуркүл Кендирбаева Бавария округдук кеңешинин президенти, Кам районунун администрация башчысы Франц Лёффлер баштаган Бавария Федералдык мамлекетинин делегациясы менен жолугушту.
Тараптар билим берүү тармагындагы кызматташуу программаларын талкуулашкан. Догдуркүл Кендирбаева немис тилин окутуу жана адистерди даярдоо боюнча сунуштарды министрликтин планына киргизүүгө даяр экенин билдиргени айтылат.
"Франц Лёффлер учурда Германияда кыргызстандык 21 студенттин кесиптик-техникалык билим алып, практикалык көндүмдөрүн бекемдеп жатканын белгиледи. Ал келечекте кызматташууну күчтөндүрүү максатында меморандум түзүүгө кызыкдар экенин кошумчалады", - деп жазылат анда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.