super.kg logo

ЭЛДИК КАБАРга жооп: "Үч-Терек айылында сел калдыктары тазаланууда" дейт айыл башчы

 

ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылган Токтогул районунун тургуну Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Саргата айылында селдин калдыктары тазаланбай жатканын айткан.

Ал: "Айыл өкмөттө тиешелүү техникалар бар. Бирок тазаланбай жатат. Бул төртүнчү жолу селдин келиши. Сел дагы бир жолу келчү болсо үйлөрдү каптоо коркунучу бар", - деген.

Саргата айылынын айыл башчысы Талантбек Сыдыков учурда элетте селдин кесепетин жоюу иштери аткарылып жатканын маалымдады.

"Кечээ саат 13:00дөн кийин айылда сел жүргөн. Айыл өкмөт, ӨКМдин кызматкерлери менен биргеликте айылды кароодон өткөрүп чыкканбыз. Тазалоо иштерин бүгүн эртең менен баштадык. Бизге 25 тонналык атайын техника керек болду. Бул үчүн кечээ кечке маал "Камбар-Ата" ГЭСине кайрылганбыз. Бирок айылда электр жарыгы өчүп, интернет дагы жок болду. Буга байланыштуу техниканы бүгүн алып, тазалоо иштерин баштадык.

Айылдын каналдары сел калдыктарына толгон. Аларга эртеңден баштап экскваторлорду салабыз. 2-3 күндө тазалоо жумуштарын бүтүрөбүз", - деди айыл башчы.

Ошондой эле ал аталган айылда 23-июнда дагы сел жүрүп, жергиликтүү тургундардын көмөгү менен тазалоо иштери жүргөнүн билдирди.

"Ал жумуштарды бүткөнүбүзгө эки эле күн болгон. Кечээ кайра сел каптап кетпедиби", - дейт.

Аталган айыл өкмөттө эки техника бар экендиги, бирок бири гана иштеп жатканы айтылды.

"Айылда эки техника бар. Бирөөсүнүн айдоочусу айлыктын аздыгынан кетип калган экен. Ошондуктан бирөө гана иштеп жатат", - деп билдирди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: