super.kg logo

УКМК башчысы менен башкы прокурордун атын жамынып акча талап кылгандар кармалды

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы менен башкы прокурордун атын жамынып, акча опузалоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган шектүүлөр УКМК башчысы, мурдагы жана азыркы башкы прокурор менен байланышым бар деген шылтоолору менен А.Г. аттуу жарандан акча талап кылышкан. Алар андан күйөөсүнө карата соттун чечимин оңунан чыгартып берүү үчүн 8 миң доллар талап кылышкан.

Кармалгандардын бири мурда алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон Т.Т. аттуу жаран жабырлануучуга моралдык-психологиялык кысым көрсөткөн. Ал эми К.И. аттуу жаран УКМК төрагасынын жээни, мурдагы башкы прокурор Зулушевдин өкүл баласы жана жаңы дайындалган башкы прокурор Асаналиевдин тууганы экендигин айтып, жабырлануучунун күйөөсүн бошотууга таасир эте аларын кепилдеген.

Ошентип шектүүлөр 27-июнда айтылган сумманын бир бөлүгүн алгандан кийин кармалышып, тергөө абагына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: