Баткен облусунан Ноокатка жардам жеткирилди







Баткен облусунан Ноокатка жардам жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Ага ылайык, Ош облусунун Ноокат районунун селден жабыркаган элине Баткенден азык-түлүк, өздүк гигиена каражаттары, турмуш тиричиликке керектүү жана өзгөчө кырдаалдан кийинки калыбына келтирүү мезгилинде зарыл болгон буюмдар жеткирилди.
Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин тапшырмасына ылайык, биринчи орун басар Маруфхан Тулаев аталган жардамды Ноокат районундагы атайын штабка тапшырганы айтылат.
Белгилей кетсек, Ноокат районунунда 28 турак үй сел калдыктарынан толугу менен тазаланып бүттү.
Аталган аймактагы селдин кесепетинен каза болгондордун саны 10 кишиге жеткени маалым болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.