Бостеридеги үрөй учурган жол кырсыкта бир адам каза болду (видео)
Ысык-Көл облусунун Бостери айылында катталган жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 3-июлда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ болжол менен саат 07:10 чамасында Mercedes Benz менен Kia K7 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
"Натыйжасында, Kia K7 үлгүсүндөгү унаадан эки жаран жаракат алган. Ал эми Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жаракат алып, бир жүргүнчүсү окуя болгон жерден көз жумган", - деп айтылат маалыматта.
03.07.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.