super.kg logo

Өзгөндө мамлекеттик кызматкер пара алып жаткан жеринен кармалды

 

Ош облусунда мамлекеттик кызматкер пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Өзгөн районунун 1968-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, райондогу финансы кредиттик фонддун өкүлү ага атасы алган ссуда (карыздоо) боюнча маселе жаралып жатканын айтып, "сотко өткөрүп жиберем" деген шылтоо менен 30 миң сом пара талап кылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (Опузалап пара алуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция шектүүнүн өздүгүн аныктаган. Ал Финансы министрлигинин алдындагы финансы кредиттик фонддун Өзгөн районундагы жетектөөчү адиси болуп иштеген 1959-жылы туулган А.А. экендиги такталды.

Натыйжада, ал өзүнүн кызматтык бөлмөсүндө 30 миң сомду пара катары алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: