Ошто "Золотая жизнь" суусундуктары сатыктан алынууда





Ош шаарындагы соода түйүндөрдөн "Золотая жизнь" аталышындагы газдалган анар суусундугу сатыктан алынууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда шаар мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментинин тиешелүү буйругунун негизинде кабыл алынган.
"Лабораториялык изилдөөлөр Ооганстандан чыгарылган суусундукта балдардын активдүүлүгүнө жана көңүл буруусуна терс таасирин тийгизген азорубин Е122 боёгу бар экенин аныктаган", - деп айтылат маалыматта.
Мэрия андыктан аталган суусундукту сатыктан алуу иштери калктын, айрыкча, балдардын ден соолугун коргоо максатында жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.