super.kg logo

Өлкөдө нөшөрлүү жааган жамгырдан улам кайсы жолдордо сел жүрөт? Тизме

 

5-7-июль күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда ӨКМден билдиришти.

Маалымдалгандай, айрыкча Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунда, Ноокат, Алай жана Чоң-Алай райондорунда, Ысык-Көлдүн Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда, Чүйдүн Панфилов, Жайыл жана Кемин райондорунда, Нарын облусунун Жумгал, Кочкор жана Нарын райондорунун аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо активдешүүсү мүмкүн.

Ал эми өлкөнүн унаа жолдоруна кооптуу болгон сел жана таш кулоо тилкелерине, айрыкча:

- Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында;

- Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133- чакырымдарында;

- Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128-чакырымында;

- Балыкчы - Бөкөнбаева унаа жолунун 64-117-чакырымында;

- Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымында;

- Ош – Раззаков унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымында.

"Өлкө жарандарын жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырабыз. Өзгөчө кырдаалдарга күбө болсоңуз “112” кызматына жана жергиликтүү өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кайрылыңыздар", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: