super.kg logo
  Саясат  

2013-жылы Борбор Азиядан Орусияга 620 килограммдан ашык насыбай алып барылган

 

Орусиянын бажы кызматчылары 2013-жылдын ичинде Орто Азиядан келген жарандардын 620 килограммдан ашык насыбай алып келишкенин айтышты. Бул көрсөткүч 2012-жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге көп. Бул тууралуу Сибирь оперативдик бажынын басма сѳз кызматы билдирди.

«Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана башка Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн жарандары мыйзамды тоотпой мурдагыдан да көп насыбай ташып жүрүшөт. Эгер 2012-жылы бул затты өткөрүү боюнча 280 административдик бузуу козголсо, ушул жылы 485 иш козголду. Бажы мыйзамы боюнча бир чоң кишиге 250 грамм насыбай алып өтүүгө уруксат берилет. Андан тышкары аны чекене же дүң баада сатууга тыюу салынган" деп жазылат басма сөз кызматынын маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: