super.kg logo

Кыргызстандык окуучулар Түркиядагы математикалык олимпиадада коло медаль утту

 
Түркиянын Анталья шаарында өткөн Балкан математикалык олимпиадада кыргызстандык окуучулар коло медалга ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, 25-30-июнь күндөрү өткөн өспүрүмдөр арасындагы аталган олимпиадага 135 өлкөдөн 22 окуучу катышты.
Олимпиаданын жыйынтыгында “Газпром Кыргызстан” мектебинин 9-классынын окуучусу Тимур Акенеев жана №62 ОТК МГнын окуучусу Арлан Керимов коло медалга ээ болушканы айтылат.
Кыргызстандын командасынын курамында төмөнкү окуучулар болду:
1. Тимур Акенеев, "Газпром Кыргызстан" мектеби, Бишкек шаары - коло медаль.
2. Арлан Керимов, №62 ОТК МГ- Бишкек шаары - коло медаль.
3. Бектен Абдувалиев, Кыргызстан эл аралык мектеби, Ош шаары - катышуучу.
4. Нуржамал Пазылбекова, Е.Б.Якир атындагы №61-АФММЛ ОК- Бишкек шаары - катышуучу.
5. Даниил Елистратов, Е.Б.Якир атындагы №61-АФММЛ ОК- Бишкек шаары - катышуучу.
6. Шакиралиев Адилет, Купуев академиясы, Ош шаары - катышуучу.
Команда лидерлери Тилек Аскербеков жана Дослан Жекшеев болгон.
2015-жылдан бери Кыргызстандын курама командасынын аталган олимпиадада жалпы 3 медалы бар: 2 коло жана 1 күмүш.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: