super.kg logo

Ирандын башчысы ШКУнун саммитине Раисинин сүрөтүн ала келди

 

Астанада өтүп жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине Ирандын мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу Мохаммад Мохбер маркум президент Ибрахим Раисинин сүрөтүн алып келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жакында тик учак кырсыгынан каза болгон Раисинин сүрөтү Мохбердин столунда маектешүүчүлөргө каратып коюлган.

Эске салсак, 19-майда түштөн кийин Иран президенти Ибрахим Раисинин тик учагы кулап түшкөнү кабарланган. Аны издөөгө Түркиядан 70тен ашык куткаруучу топ жана техникалар жөнөтүлгөн. 20-майда эртең менен түркиялык пилотсуз учак Bayraktar Akinci Азербайжан менен чек арадан 30 чакырым алыстыкта ​​Ирандын Тавил айылына жакын жерден тик учактын күйгөн сыныктарын тапкан.

Раиси менен бирге учакта Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахиан, Тебриз жума намазынын имамы Мохаммад Али Аль-э-Хашем, Чыгыш Азербайжан провинциясынын башчысы Малек Рахмати, тик учактын экипажы жана бир коопсуздук кызматкери болгон. Делегация Азербайжандан кайтып келе жаткан. Бардык жүргүнчүлөр каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: