super.kg logo
  Саясат  

Жогорку соттун төрагасы кармалган судьялар боюнча оюн айтты

 

Бүгүн, 4-июлда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жергиликтүү соттор менен онлайн кеңешме өткөргөнүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кеңешмеде Чүй облустук сотунун судьяларынын кармалышы талкууланган. Анда Базарбеков сот системасынан коррупцияга аралашкандарды тазалоо иштерин колдой турганын айткан.

"Сот системасында "жеке кызыкчылыгы бар судьяларга орун жок" деп бир нече жолу эскерткем. Тилекке каршы, айрымдары жыйынтык чыгарбагандыгы көрүнүп турат. Мен дагы бир жолу эскертип коёюн, укук коргоо органдарынын мындай көрүнүштөрдү жоюу жана коррупцияга аралашкан судьяларды кармоо иштерине Жогорку соттун төрагасы катары колдоо көрсөтөм", - деген ал.

Ошондой эле Базарбеков соттор арасында пара менен кармалгандарга катуу чаралар көрүлө тургандыгын белгилеген.

Эске салсак, кечээ Чүй облустук сотунун 2 судьясы УКМК таранынан кармалганы кабарланган. Андан соң Соттор кеңеши чукул жыйынга чогулуп, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук беришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: