Атактуу грузиялык балбан депрессиядан улам өз жанын кыйды
Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, грузиялык балбан Нугзари Цурцумия 28 жашында каза болгонун Грузиянын күрөш федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Грузиялык басылмалардын маалыматына караганда, балбандын жансыз денеси Грузиянын Хоби шаарындагы үйүндө табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал депрессиядан улам өз жанын кыйган.
Цурцумия 55 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча 2019-жылы дүйнө чемпиону болгон. Ошондой эле дүйнө чемпиондугунда эки күмүш жана эки коло, Европа чемпиондугунда бир күмүш жана үч коло медаль уткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.