super.kg logo

Орусияда 14 жаштагы кыздын жылаңач сүрөттөрүн сатып алган өзбекстандык мигрант кармалды

 

Орусиянын Балашиха шаарында алтайлык кыздын жылаңач сүрөттөрүн социалдык тармагына жарыялаган өзбек жараны кармалды. Бул тууралуу орус басылмалары жазууда.

Маалыматка караганда, полиция 14 жаштагы алтайлык кыздын сүрөттөрүн жарыя кылган деген шек менен Өзбекстандан келген эмгек мигрантын кармаган. Тергөөдө 38 жаштагы мигрант бир нече жылдан бери Москва облусунун Балашихада шаарында иштеп келгени аныкталган. Ал былтыр ноябрда ВКонтакте социалдык тармагында аялдын аты менен фейк баракча ачып, жашы жете элек кыз менен таанышкан. Андан соң ага интимдик сүрөттөрүн жөнөтүү үчүн акча убадалаган. Натыйжада ал кыздын сүрөттөрүн сатып алгандан кийин баракчасына жайгаштырган.

Бул боюча кыздын апасы билип калып укук коргоо органдарына кайрылган. Полиция "Жашы жете электердин порнографиялык сүрөттөрүн коомчулукка жарыялоо" жана "16 жашка чыга элек адамга зомбулук көрсөтүүсүз бузукулук кылуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: