super.kg logo

УКМК Чүйдө кармалган 2 судья боюнча билдирүү жасады

 

Бүгүн, 4-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облустук сотунун 2 судьясы ири өлчөмдө пара талап кылууга шектелип кармалганын маалымдады.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, Чүй облустук сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын 2 судьясы А.Т. жана К.У. ошондой эле соттук отурумдун катчысы О.Ж. кармалган.

Атайын кызмат судьялар соттук отурумдун катчысы аркылуу соттолуучу М.Ндан кылмыш ишин актоо үчүн 10 миң доллар талап кылгандыгын, бирок соттолуучу көрсөтүлгөн сумманы берүүдөн баш тарткандыктан соттук отурумдун катчысы судьялардын көрсөтмөсү менен эркинен ажыратууга байланышпаган жеңил жаза колдонуу үчүн 6 миң доллар сурашканын аныктаган. Натыйжада алар 6 миң долларды алып, өз ара бөлүшүп алышкан.

"Камакка алуу учурунда судья К.У. кызматтык унаасы менен кырсыкка учурап, тергөө органдарынан жашынуу чараларын көргөн", - деп айтылат маалыматта.

УКМК кармалган шектүүлөр Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөө абагына киргизилгенин кошумчалады.

Эске салсак, кечээ Чүй облустук сотунун 2 судьясы УКМК таранынан кармалганы кабарланган. Бирок атайын кызмат расмий маалымат бере элек болчу. Бул боюнча Соттор кеңеши чукул жыйынга чогулуп, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук беришкен. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жергиликтүү соттор менен онлайн кеңешме өткөрүп, соттордун кармалышын талкуулаганын мекеменин басма сөз кызматы маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: