"Жалпы 100 жарнама такта алынды". Бишкектин көчөлөрүндөгү жарнама такталар алынууда









Бишкек мэриясы борбор калаадагы көрнөк-жарнактарды демонтаждоо иштерин улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, учурда Жукеев –Пудовкин жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көрнөк-жарнактарды демонтаждоо иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 100 жарнамалык конструкциялар демонтаждалган.
"Урматтуу ишкерлер! Жарнамалык конструкцияларды өз ыктыярыңыз менен демонтаж кылууңузду суранабыз. Эскирген металл конструкцияларды заманбап LED экрандарга алмаштыруу Бишкек шаарына эстетикалык көрк берет", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкек мэриясына шаардагы эски жарнамалык такталарды 31-августка чейин толугу менен тазалап, шаардын көркүнө ылайыктуу жана ыңгайлуу жерлерге LED экрандарды коюп алмаштыруу тапшырмасын берген.
