Өкмөт жооп берет: Үйүмдүн техникалык паспортун кайдан, кантип алсам болот?
Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Автор: Дамира Арстанова
Суроо: - Үйүм бар. Бирок техникалык паспорту жок. Аталган документти кантип, кайда кайрылып алсам болот. Баасы канча болот? Жер тилкесинин кызыл китеби, прораб чийип берген үйдүн планы да бар. Суроо калтырган Compact
Жооп: - Үйүңүзгө техникалык паспорт алыш үчүн арыз менен жергиликтүү каттоо органына кайрыласыз. Техникалык паспорттун баасы үйүңүздүн аянтына байланыштуу болот. Арыз менен кайрылууда өзүңүздүн паспорт жана жериңиздин документтерин (укук тастыктоочу жана укук күбөлөндүрүүчү документ (кызыл китеп) ала келесиз.
Суроого КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Абдылдаева Рита жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
0

