Нарында Жогорку Кеңештин депутаты тарабынан мектепке унаа белек кылынды






Нарында депутат тарабынан Н.Жыргалбекова атындагы орто мектептин ЖРТда эң жогорку упайды алган бүтүрүүчүсүнө ноутбук, ал эми мектепке унаа белекке берилди. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Сыдыков тарабынан Ак-Талаа району боюнча 1-орунду камсыз кылган Ала-Буга айыл аймагынын Коңорчок айылынын Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебине автоунаа, 11-класстын бүтүрүүчүсү Айым Рысбек кызына ноутбук, ал эми окуткан мугалимдерине акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Ошондой эле резервдик фонддон акчалай сыйлык жана ыраазычылык каттар ыйгарылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.