super.kg logo

“Саясий буйрутма жыттанган иштер”. Мадумаров мандатынан ажыратылганы боюнча пикирин айтты

 

Бүгүн, 4-июль күнү Бишкек шаарынын Административдик сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун мандаты боюнча апелляциялык арызы канааттандырылган жок.

Мадумаров БШКнын мандатынан ажыратуу чечими күмөндүү суроолорду жаратып жатканын SUPER.KG порталына маек берип жатып билдирди.

“Борбордук шайлоо комиссиясынын мандатымдан ажыратуу чечимин мынчалык шашылыл түрдө чыгаруусуна эмне мажбур болду?

Таң эрте эле чабарман чуркап барып БШКга чечимди берип жатат. Боршайком заматта жыйнала коюп чечим чыгара коюшту. Негизи мыйзамдарда бир айлык мөөнөт берилет. Анткени биринчи кезекте, депутаттын укугу, экинчиден, шайлоочулардын укугун сактоо максатында ушундай мөөнөт коюлат. Сот дагы өкүм чыккандан кийин 5 күндүн ичинде бериши керек. А булар бир саат да күтпөй беш мүнөттүн ичинде жеткирип берип жатат. Эмнеге мындай шашылыш болду деген суроону коюп жатабыз.

Булардын баары саясий буйрутма жыттанган иштер. Ыкчам түрдө өкүлү катышпай туруп БШК мындай чечим кабыл алып койгондугу туура эмес”, - деди ал.

Ошондой эле ал ар бир тармак мыйзам талабына ылайык иштөөсү керек экенин кошумчалады.

“Бул биринчи кезекте өзүмдүн мыйзамдык укугум жана шайлоочуларымдын укугу. Муну кандайдыр бир каалоолор менен жокко чыгарып коюу туура эмес.

Кайсы тарап болбосун мыйзамдардын талабы кандай болсо, ошондой, кыйшайуусуз аткарууга милдеттүү болушу керек.

БШКнын мындай ыкчам чечими эч кандай логикага туура келбейт”, - дейт Мадумаров.

Белгилей кетсек, жети ай бою камакта отурган саясатчы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынан 26-апрелге караган түнү чыккан.

26-мартта Биринчи май райондук сотунда ага карата өкүм чыккан.

Сот Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, бирок мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргичекти абакта калтырылган.

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-апрелдеги жыйынында парламент депутаты Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: