super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктап, Кыргызстанга кайтып келди

 

Садыр Жапаровдун Астана шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуусу аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Кечээ, 3-июлда, эң алгач өлкө башчы Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Ал эми бүгүн, 4-июлда Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты.

Иш-чара Беларустун ШКУга толук кандуу мүчөлүгү тууралуу документке кол коюу аземи менен башталды.

"Отурумда Садыр Жапаров терроризм, киберкоркунучтар жана эл аралык кылмыштуулук сыяктуу учурдагы глобалдык көйгөйлөр тыкыр көңүл бурууну жана биргелешкен ишти талап кылаарын белгилеп, Кыргызстандын Бишкек шаарында эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча борбор түзүү тууралуу сунушталган демилгесинин маанилүүлүгүн айтты", - деп айтылат маалыматта.

ШКУ саммитинин жыйынтыгы боюнча өлкө лидерлери бир катар көп тараптуу документтерге кол коюшту.

Андан соң Садыр Жапаров ШКУ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында өткөн "ШКУ плюс" форматындагы жолугушууга катышты.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров азыркы дүйнөдө өз ара байланыш жана глобалдык чакырыктар шартында тынчтыкты жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн көп тараптуу диалогду бекемдөө зарыл экенин айтып өттү. Бул өз ара пайдалуу кызматташуунун оптималдуу жолдорун табууга, ошондой эле эч бир өлкө жалгыз чече албаган көйгөйлөрдү чечүү үчүн ресурстарды, билимди жана тажрыйбаны бириктирүүгө жагымдуу мүмкүнчүлүк берет.

Президент Садыр Жапаров Казакстанга болгон иш сапарын аяктап, 4-июлда Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарына кайтып келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: