super.kg logo

Италиянын Сицилия аралындагы Этна жанар тоосу атылды

 

Италиянын Сицилия аралында Этна жанар тоосу атылып жатканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Европадагы эң бийик жанар тоодон күл аралаш чаң, кум деңизден 4 миң 500 метр бийиктикке чейин көтөрүлгөн. Азырынча вулкандын активдүүлүгү орточодон төмөн деп бааланууда. Бирок Италия бийлиги кырдаал кескин өзгөрүп кетиши мүмкүн экенин маалымдап, мындан улам жер титирөө коркунучу жогору экенин эскерткен.

Бийиктиги 3357 метрди түзгөн Этнада 200-400 кратер бар. Алардан бир нече айда бир ирет лава атылып турат. Жанар тоо ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: