super.kg logo

Астанада ШКУ саммитине катышкан лидерлер кандай унаада келишти? (видео)

 

Казакстандын борбору Астанада Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити болуп өттү. Ага 16 өлкөнүн: Казакстан, Индия, Иран, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Беларусь, Монголия, Азербайжан, Катар, БАЭ, Түркия жана Түркмөнстандын мамлекет жана өкмөт башчылары катышты.

Акорданын басма сөз кызматы ШКУга толук кандуу мүчө болгон 9 өлкөнүн лидери Эгемен сарайына келгендеги видео менен бөлүштү. Андагы мамлекет башчылар келген унааларга кызыгып көрдүк.

Видеодо Кытайдын президенти Си Цзиньпин иш-чарага Hongqi N701 үлгүсүндөгү унаа менен келгенин көрүүгө болот. Аталган унаа FAW Hongqi премиум суб-брендине таандык. Чындыгында, бул бренд алгач Кытайдын Коммунисттик партиясынын жогорку жетекчилигине унааларды чыгаруу үчүн түзүлгөн. Негизи Hongqi N701 унаасы жөнүндө маалыматтар аз.

Ал эми Орусиянын лидери Владимир Путин, видеодогу кадрларга караганда, саммитке Aurus Senat үлгүсүндөгү унаада келген. Аталган унаа Орусияда чыгарылган. Негизинен эки кузов турүндө чыгып келет. Биринчиси, Aurus Senat седан болсо, экинчи түрү Aurus Senat Limousine. Aurus Senat брондолгон лимузини Орусиянын президентинин жана премьер-министринин негизги кызматтык унаасы болуп саналат. Моделдин аталышы Москва Кремлинин Сенат мунарасынын аталышынан алынган.

Башка мамлекеттин башчылары саммитке казак тарап берген Mercedes-Maybach S-Class унаалары менен келишкен. Бул унаанын кубатуулугу 503 аттын күчүнө барабар.






05.07.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: