super.kg logo

Бишкекте академиянын ректору менен окутуучулары кармалды

 

Бишкекте Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, академиянын ректору А.С. көрсөтүлгөн сумманы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын имаратында жайгашкан мамлекеттик мүлктү ижарага алуу укугун (келишимди) узартуу үчүн талап кылган.

"Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында ректор А.С. 1000 доллар өлчөмүндөгү каражаттын бир бөлүгүн алуу учурунда кармалды. Ошондой эле акча каражатын которууда ортомчу болгон академиянын окутуучулары М.Ч. жана Б.К. да кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жататканы айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: