Бишкекте аскер билети үчүн пара алууга шектүү кармалды
Бишкекте аскер комиссариаттарынын кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн башчысы, капитан У.Бны колго түшүргөн. Шектүү альтернативдик кызматты өтөө жана аскердик билетти берүү үчүн 30 миң сом пара талап кылган.
"Ал 7 миң сом алып жаткан жеринен кармалып, Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилген", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.
05.07.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.