Түптө менчикке өтүп кеткен 100 гектар жер мамлекетке алынды
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы 100 гектар жер мамлекетке алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган кайрак айдоо жер аянты 4 дыйканга жеке менчикке берилип кеткен. Бул боюнча Түп райондук прокуратурасы текшерүү жүргүзүп, райондук мамлекеттик администрациясынын мыйзамсыз токтомдорунун негизинде менчикке өтүп кеткенин аныктаган.
"Райондук прокуратура жогоруда аталган токтомдорду жана жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыларын жараксыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыздар менен кайрылып, жыйынтыгында толук канааттандырылган. Натыйжада 37 миллион 995 миң сомду түзгөн жер аянты мамлекетке кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.