super.kg logo

Мугалим болууга тоскоол болгон оорулар тууралуу долбоор коомдук талкуудан алынды

 

Мугалим болууга тыюу салган талаптар боюнча мыйзам долбоору кайрадан иштелип чыкмай болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, токтом долбоору көпчүлүктүн нааразычылыгынан улам коомдук талкуудан алынган.

"Түзүлүп жаткан ведомстволор аралык жумушчу топ долбоорду толуктап, кайрадан иштеп чыгат", - деп билдирди министрликтен.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги педагогикалык иш жүргүзүү укугун жокко чыгарган кылмыштардын жана оорулардын тизмесин бекитүүнү сунуштаган. Ал токтом долбооруна оорунун 32 түрү жазылып, ошол дарт менен жабыркагандарга да мугалим болушуна жол берилбей турганы белгиленген. Арасында нерв оорулары, тубаса кемтиктер, талма (эпилепсия), гипертония, аракечтик, баңгилик, өнөкөт гепатиттер, кургак учуктун ачык формалары, боор, бөйрөк, ревматизм жана башкалар бар.

Токтом коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү, педагогдордун жана окуучулардын, студенттердин коопсуздугу менен саламаттыгын коргоо максатында иштелип чыкканы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: