super.kg logo
  Саясат  

Эки округдагы шайлоодо Тыналиев менен Салымбеков жеңүүчү деп табылды

 

Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу Свердлов жана Ысык-Көл шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.

Боршайкомдун сайтындагы маалыматка ылайык, бир мандаттуу №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча шайлоодо Айжигит Тыналиев 3 миң 498 добуш алган (16,04%). Ал эми бир мандаттуу №29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайлоодо Жумабек Салымбеков 10 миң 623 кишинин (64,68%) добушун алган.

Ноокат округу боюнча добуштарды кайра саноо иштери жүрүп жатканын БШКнын басма сөз кызматы ырастады. Буга аталган окуругдан талапкер болгон Артыкбай Абдивалиев, Санжарбек Төлөнбаев, Касымбек Кыланов, Элдар Кудайбердиев жана Бакытбек Ажыгуловдор тарабынан жазылган арыз себеп болгон. Алар шайлоо күнү Ноокатта 30 мүнөт электр жарыгы өчүп калганын, мындан улам шайлоонун жыйынтыгына күмөн саноолору болуп жатканын айтышкан. БШК алардын арызын эске алуу менен окуругдагы №5385, №5401, №5452, №5400, №5380 шайлоо тилкелеринде добуштарды кайра саноо чечимин кабыл алган.

Белгилей кетсек, 30-июнда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өттү. Үч округдан жалпы 29 талапкер ат салышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: