Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө







Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 28-32-чакырымдар аралыгына асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Транспорт министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №26 Жол тейлөө мекемесинин (ЖТИ) кызматкерлери иштеп жатышат.
Ошондой эле №21 ЖТИнин карамагындагы Ош-Төлөйкөн унаа жолуна капиталдык салымдар беренесинин эсебинен асфальт төшөө жумуштары жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.