"The end". Атактуу футболчу карьерасын жыйынтыктады
Футбол боюнча Германия улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Тони Кросс бүгүн өткөн Германия-Испания беттешинен кийин карьерасын жыйынтыктады.
Ал буга чейин берген маектеринин биринде футболдогу карьерасы Европа чемпиондугунан кийин бүтө тургандыгын айткан.
Бүгүн, 6-июлга караган түнү Европа чемпиондугунун чейрек финалында Германия Испания курамасы менен кез келип, 1:2 эсебинде жеңилип калды.
Бул жеңилүүдөн кийин Германия турнир менен коштошсо, Испания жарым финалга чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.