Ноокатта шаркыратма тилкесиндеги ички чарбалык жол калыбына келтирилди




Ноокаттын Көк-Жар жана Кулатов айыл аймактарына 185 тонна суу жергиликтүү тургундарга жеткирилди. Бул тууралуу кечээ, 5-июлда ӨКМден билдиришти.
Ага ылайык, Жаңы-Ноокат айыл аймагында 480 метр куб, Көк-Жар айыл аймагынын Жийде айылында 920 метр куб, Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында 2190 метр куб сел калдыктары тазаланып,
Ал эми шаркыратма тилкесинде 560 метрлик ички чарбалык унаа жол калыбына келтирилди.
Эске салсак, 28-июнда Ноокаттын Абшыр-Ата айылында сел жүргөн. 29-июнда Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогору тарабында калган 1300дөн ашуун адам коопсуз жайга чыгарылган.
Ноокаттагы селден каза болгондордун саны он кишиге жеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.