super.kg logo

“Он тонна кымыз”. Чуңкурчак жайлоосунда кымыз фестивалы өтүп жатат

 

Бүгүн, 6-июль күнү Чуңкурчак жайлоосунда "KYMYZ-FEST-2024" аталышындагы фестиваль өтүп жатат.

Салтка айланган аталган иш-чара "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө" жарлыгын аткаруунун алкагында өткөрүлүүдө.

Фестивалда көргөзмөлөр, жети дубандан келген кымыздын кеңири тандоосу, кыргыз ашканасы жана боз үйлөр шаарчасы орун алды.

Иш-чара саат 10:30да көчмөн элдин турмушун чагылдырган сахналаштырган көрүнүш менен башталды.

Фестивалга өкмөт башчы Акылбек Жапаров келип, быйыл бул саамалыкка 10 тонна кымыз алынып келгенин билдирди.

Мындан тышкары фестивалда көчмөндөрдүн улуттук оюндары көрсөтүлөт.

Бул саамалык кыргыз элинин чыныгы турмушун сезүүгө мүмкүндүк берип, келген коноктордун маанайын көтөрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: