super.kg logo

Ноокаттагы сел: Бакыт Төрөбаев жергиликтүү тургундар менен жолукту 

 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ноокат районунда орун алган сел кырсыктарынан жабыркаган турак жайлар, дарыялардын жээктеринин абалы менен жеринде таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, орун алган кырдаал жана аткарылып жаткан жумуштар менен Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов маалымат берип, Абшыр-Ата айылынан жайлоого чейинки аралыктагы жол саат 16:00 ачыларын маалымдады.

Мындан тышкары кошуна мамлекеттерден келген гуманитардык жардамды райондук көчүрүү комиссиясынын төрайымына жана жергиликтүү комиссияга өткөрүлүп берилгендигин маалымдады. Учурда райондук Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан келтирилген материалдык чыгымдар эсептелип жатканын кошумчалады.

Бакыт Төрөбаев сел кырсыгынан жабыр тарткан үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан көңүл буруларын белгилеп, ички чарбалык жолдорду, көпүрөлөрдү, ичүүчү таза суу түтүктөрүн тез аранын ичинде калыбына келтирүү тапшырмасын койду.

Эске салсак, 28-июнда Ноокаттын Абшыр-Ата айылында сел жүргөн. 29-июнда Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогору тарабында калган 1300дөн ашуун адам коопсуз жайга чыгарылган.

Ноокаттагы селден каза болгондордун саны он кишиге жеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: