Москвада "Шереметьево" аэропортундагы аба каттамдар кармалууда (видео)

Бүгүн, 6-июлда "Шереметьево" аэропортунда эрте мененки каттамдар түнкү бороондон улам кармалып калды. Эл бир нече саат бою учактарын күтүштү. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
Чогулгандардын айтымында, алар кечээ кечки убактан бери Красноярск, Сочи, Магнитогорск, Кытайдын Санья шаарына жана башка шаарларга учактарын күтүштү. Адамдар отургучтарда, кафелерде, чемодандарынын үстүндө укташкан. Таңга маал жүргүнчүлөрдүн көбү чыгып кетишкен. Калгандары билетин кайтаруу үчүн кезекке турууну улантышууда.
FlightStats кызматынын маалыматы боюнча, эртең менен жүздөн ашык рейс кармалган. Учурда Транспорт прокуратурасы учактардын кармалышы боюнча кырдаалды карап жатат.
Москвада "Шереметьево" аэропортунда аба каттамдар кармалууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.