super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапары аяктап, Кыргызстанга кайтып келди

 

Президент Садыр Жапаровдун Азербайжандын Шуша шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу-өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышуусу аяктады. Бул тууралуу кечээ, 6-июлда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, мамлекет башчысы иш сапарынын биринчи күнүндө, 5-июлда Шуша шаарындагы жаңы курулуш объектилери менен таанышты.

Ал эми 6-июлда президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын саммитине катышты.

"Саммитте сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы суу ресурстарын натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу, энергия үнөмдөөчү жана ресурс үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү сыяктуу өлкө үчүн актуалдуу маселелерге токтолду. Президент ошондой эле транспорт тармагындагы өз ара аракеттенүү өлкө үчүн маанилүү артыкчылык экенин белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, Садыр Жапаров ТМУ алкагында катышуучу-өлкөлөрдүн ортосундагы эл аралык аралаш ташуулар боюнча макулдашууга кол коюуну жана транспорт тармагындагы өз ара аракеттенүү программасын кубаттай турганын баса белгиледи. Бейформал ТМУ Саммитинин жыйынтыгы боюнча өлкө лидерлери бир катар документтерге кол коюшту.

Президент Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапарын аяктап, 6-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына кайтып келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: