super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Садыр Жапаров 7-июль саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда Медицина кызматкери – өзгөчө кесип экендигин айтып, адамдардын ден соолугуна кам көрүп, узак өмүр тартуулоо менен өз жашоосун ары жоопкерчиликтүү, ары аздектелген ишке байлаган адамдардын кесиби экендигин баса белгиледи.

"Урматтуу ден соолук сакчылары!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Мамлекет медицинаны өнүктүрүүгө өз күчүнөн тышкары, инвестиция тартуу менен саламаттык сактоо тармагын модернизациялоонун, ооруканаларды заманбап жогорку технологиялык медициналык жабдуулар менен жабдуунун жана эл-журтубузга сапаттуу медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн аракетин көрүп келет. Жакында эле алыскы аймактардагы элибиздин саламаттыгына кам көрүү иштерин арттыруу максатында жаш адистерге айлыгынан сырткары стипендия чегерүү, дарыгерлердин депозитинин суммасын көбөйтүү, ошону менен бирге дарыгердик, орто медициналык жана кенже персоналдардын маяналарын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол коюлду.

Ал эми кош бойлуу аялдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, энелердин, ымыркайлардын жана балдардын өлүмүнүн деңгээлин төмөндөтүү максатында иштей баштаган Бишкек шаарындагы заманбап Перинаталдык борбордун ачылышын айтууга болот.

Ошондой эле ушул жылдын июнь айында өлкөбүздө боорду алмаштыруу боюнча биринчи операциянын ийгиликтүү өтүшүн дагы мыкты саамалык катары карасак болот. Заманбап медицинада жигердүү өнүгүп келе жаткан трансплантология маселесинин колго алынышы өлкөбүздүн медицина тарыхындагы эң чоң маанилүү жетишкендиктерибиздин бири болду!

Урматтуу медицина кызматкерлери!

Келиңиздер, баарыбыз чогуу саламаттык сактоо тармагыбызды алдыга жылдыралы, Кыргызстан үчүн мыкты медициналык системаны куралы.

Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм. Баарыңыздарга чың ден соолук, биресе сыймыктуу, биресе өтө жоопкерчиликтүү миссияңыздарды аткарууда албан-албан ийгиликтерди каалайм", - деди өлкө башчы өз куттуктоосунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: