super.kg logo

 Эртеңден тарта Бишкекте жылуулук тармагын реконструкциялоо үчүн Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

 

Бишкекте алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, жылуулук жана ысык суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасы бүгүнкү күндө темир жолдон Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки тилкесин бүтүрүү алдында турат. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, түтүктөрдү алмаштыруу үчүн 8-июлдан тарта Гоголь көчөсүн бойлой Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки тилкени жабуу пландалууда.

Белгилей кетсек, реконструкциялоо ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Оңдоо иштерин 20-августка чейин бүтүрүү пландалууда.

Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы сизден маршрутту алдын ала пландаштырып, келип чыккан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: