Москвадан кароосуз калган төрт ымыркай Кыргызстанга алып келинди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Москвадан ата-энесинин камкордугусуз калган 2 айдан 10 айга чейинки төрт ымыркайды мекенине алып келди. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, балдардын кайтарылышы Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмү жана Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен уюштурулду.
"Министрлик балдарды биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү жана баланын абалын, анын ичинде социалдык, медициналык, психологиялык жана укуктук колдоо маселелерин комплекстүү баалоо боюнча иштерди жүргүзөт", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.