Жогорку Кеңеште депутаттар Баткен облусу боюнча маселени көтөрүп чыгышты
Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Баткен облусундагы чек ара маселесин карап чыгуу керектигин белгилеп өтүштү.
Эл өкүлү Абдыманап Кутушев Кыргызстандагы чек ара боюнча чыр-чатактардын басымдуу бөлүгү Баткен облусунда болуп жаткандыгын айтты. “Өлкөдө чек ара боюнча 47 маселе болсо, анын 37си Баткенде болот экен”,- деди Кутушев өз сөзүндө.
Ал эми Ташполот Балтабаев "аталган маселенин чечилишине премьер-министр келе албаса, каржы министри катышсын. Анткени бул аймакта көп маселелер каржы тартыштыгынан келип чыгат” деген сунушту киргизди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
0

