super.kg logo

Франциянын премьер-министри Атталь кызматтан кетет

 

Франциянын премьер-министри Габриэль Атталь кызматтан кетерин билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ал муну президент Эммануэль Макрондун партиясы парламенттик шайлоонун экинчи айлампасында жеңилип калганы менен түшүндүргөн. Ошондой эле Атталь жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин премьер-министр болуп кала берерин кошумчалаган.

Габриэль Атталь Франциянын тарыхындагы эң жаш премьер-министр. Ал өткөн жылдын январь айында 34 жашында кызматка келген.

Белгилей кетсек, Францияда 7-июлда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп, анда солчулдардын "Жаңы элдик фронт" коалициясы 182 мандатка ээ болуп жеңишке жеткен. Ал эми экинчи орунга Макрондун "Бирге" коалициясы 168 орун менен чыкса, Марин Ле Пен менен Жордан Барделла башында турган оңчул "Улуттук биригүүсү" 143 мандат алып, үчүнчү орунду ээлеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: