super.kg logo

Сокулукта дары-дармек өсүмдүктөрүн мыйзамсыз сактаган кампа аныкталды

 

Чүй облусунун Сокулук районунда ясенец жапайы дары-дармек өсүмдүктөрүнүн түрлөрүн мыйзамсыз даярдоо жана сактоо боюнча кампалар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда УКМКдан кабарлашты.

Ага ылайык, жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында жалпы салмагы болжол менен 4923 килограмм болгон ясенец өсүмдүгүнүн тамырлары, ошондой эле өсүмдүк тамырларын кесүүчү жана кургатууга даярдоочу станоктор аныкталган.

Мындан тышкары жапайы өсүмдүктөрдү жыйноо жана сактоо менен алектенген кампа ижарачыларынын бул ишкердикке тийиштүү уруксаты жок болгондуктан, аймактын экологиясына да чоң зыян келтирилгени айтылат.

"Аталган ясенец өсүмдүгүнүн (Dictamnus L) 1 килограммы базар баасында 1000 сомдон 1200 сомго чейин бааланат. Муну менен мамлекетке 24 миллион 615 миң сом зыян келтирилген.

Аны менен катар ушул жылдын 28-майындагы №270 токтомунун негизинде “Кыргыз Республикасынын аймагындагы төмөнкү өсүмдүктөрдүн: макротомия, арнебия, ясенец, уу коргошун жана афлатун пияз түрлөрүнөн жапайы өскөн дары-дармек, техникалык, тамак-аш, өсүмдүк сырьёсун даярдоого, жыйноого үч жылга убактылуу тыюу салуу киргизилген", - деп жазылат анда.

Учурда аталган иш боюнча тергөө иштери улантылып жатканы маалымдалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: