super.kg logo

Кореялык компания Кыргызстанга бейтаптарды калыбына келтирүүчү 20 даана жабдуу берет

 

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев H-Robotics компаниясынын эл аралык бизнести өнүктүрүү боюнча директору Марина Ли менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Мекемеден билдиришкендей, анда кореялык компаниянын өкүлдөрү тарабынан ар кандай реабилитациялык программаларда, анын ичинде инсульттан, мээ жаракатынан жана кыймылдын бузулушун пайда кылган башка оорулардан кийин калыбына келтирүүдө колдонулуучу REBLESS жабдуусу менен тааныштырышты.

Ага ылайык, H-Robotics компаниясынын өкүлдөрү министрликке ушундай 20 комплект жабдуу берүү ниетин билдиришти.

"Министр Бейшеналиев H-Robotics компаниясына ыраазычылык билдирип, жабдыктар республиканын саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү реабилитациялык кызматтарга баалуу кошумча болорун белгиледи", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: