Кадамжайда Өзгөчө кырдаал режими алынды

Баткендин Кадамжай районунда Өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда ӨКМдан билдирди.
Маалыматка ылайык, 24-июнда нөшөрлүү жаандан улам Кадамжай районунун Жеңиш айылында сел жүрүп, турак үйлөрдү жана социалдык объекттерди суу каптаган.
"Калыбына келтирүү иштерине ӨКМдан куткаруучулар, техникалык каражаттар жана ыктыярчылар тартылган. Жардам көрсөтүлүп, калыбына келтирүү жана сел кесепеттерин жоюу иштери жыйынтыкталгандыгына байланыштуу Өзгөчө кырдаал режими алынды", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.