Жогорку окуу жайларга кабыл алуу графиги жарыяланды
Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуу 15-июлда башталып, 5 тур менен өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, жогорку окуу жайларга ЖРТнын босого баллынан өткөн абитуриенттер гана тапшыра алат.
Белгилей кетсек, ЖОЖдорго бюджеттик негизде жана келишим акыга окутуу формалары үчүн билимин аныктаган тесттин босого баллы 110 деп бекитилди. Ал эми предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды.
I тур – 15–20-июлда болот
- сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо - 15-17-июль
- сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо – 17-июль, саат 14:00
- окууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу - 18-июль, саат 10:00гө чейин
- абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу - 18-20-июль, саат 16:00гө чейин
II тур – 22–27-июль
- Талапкерлерди каттоо - 22-24-июль
- Каттоону аяктоо – 24-июль, саат 14:00
- окууга кирүү үчүн сунушталган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу - 25-июль, саат 10:00гө чейин
- абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу - 25-27-июль, саат 16:00гө чейин
III тур – 29-июлдан 3-августка чейин
- Талапкерлерди каттоо - 29-31-июль
- Каттоону аяктоо – 31-июль саат 14:00
- окууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу - 1-август, саат 10:00гө чейин
- абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу - 1- 3-август, саат 16:00гө чейин
IV тур – 5–10-август
- Талапкерлерди каттоо - 5-7-август
- Каттоону аяктоо – 7-август саат 14:00
- окууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу - 8-август, саат 10:00гө чейин
- абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу - 8-10-август, саат 16:00гө чейин
V тур – 12–17-август
- Талапкерлерди каттоо - 12-14-август
- Каттоону аяктоо - 14-август саат 14:00гө чейин
- окууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу - 15-август, саат 10:00гө чейин
- абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу - 15-17-август, саат 16:00гө чейин
БОШ ОРУНДАР БАР БОЛСО:
19-август, саат 09:00 - Кабыл алууга кошумча сунуш кылынган абитуриенттердин тизмесин жайгаштыруу;
19-август саат 09.00дөн 20-август саат 09.00гө чейин ЖОЖго кабыл алууга кошумча сунушталган абитуриенттердин өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу.
20-август саат 09:00 - Кабыл алууга кошумча сунуш кылынган абитуриенттердин тизмесин жайгаштыруу,
20-август 09.00дөн 21-август саат 09.00гө чейин ЖОЖго кабыл алууга кошумча сунушталган абитуриенттердин өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу.
21-август саат 09:00 - Кабыл алууга кошумча сунуш кылынган абитуриенттердин тизмесин жайгаштыруу,
21-август саат 09.00дөн 22-август саат 09.00гө чейин ЖОЖго кабыл алууга кошумча сунушталган абитуриенттердин өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу.
