super.kg logo

Бишкекте өспүрүмдөн акча талап кылганга шектелип милиция кызматкери кармалды (видео)

 

Бишкекте өспүрүмдү коркутуп, акча талап кылган деген шек менен Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-июлда шектүү электрондук тамеки чегип отурган баланы административдик жоопкерчиликке тартам деген шылтоо менен акчасын банкоматтан чыгартып алган. Жашы жете элек бала окуя болгон жерден эсин жоготуп, ооруканага жеткирилген жана геморрагиялык инсульт диагнозу менен оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми милиция кызматкери оор абалда жаткан өспүрүмдү окуя болгон жерге калтырып, качып кеткен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 144-беренесинин (Коркунучта калтыруу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө үчүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө тапшырылган.

Башкы прокуратура шектүү делген С.Б. аттуу милиция кызматкери кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кошумчалады.






09.07.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: