super.kg logo

Өлкөдөн долларды мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылган чет элдик кармалды

 

Чет элдик валютаны мыйзамсыз алып чыгууга шектелип Л.Д. аттуу Кытай жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү "Достук автожолу" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу өлкөдөн тиешелүү документтерди жана бажы декларациясын толтурбастан 355 миң доллар алып чыгууга аракет кылган.

"Көрсөтүлгөн факты боюнча документтештирилген материалдар УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан электрондук эсепке алуу журналына катталып, тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат анда.

Өлкөдөн накталай чет өлкөлүк валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салынганы айтылат.

"Эгерде Кыргызстандын жарандары жана резиденттери 10 миң доллардан көп накталай акча алып чыккан учурда, белгиленген лимиттен ашкан суммадан 10 пайыз төлөм алуу каралган", - деп жазылат анда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: